Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктадыИИМ: Кытайлык айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдүТИМ: Эми Грузияга кирүү үчүн камсыздандыруу полиси талап кылынатМинистрлер кабинети 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекиттиКыргызстандын Салык кызматы 2025-жылдын 11 айында 1,1 млн салык төлөөчүгө кызмат көрсөттү
1-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
30.09.2019 | 17:45
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең 1-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18,
Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 13…18,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,
Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,
Бишкекте эртең күндүз жаан чачын болбойт, түнкүсүн жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 16…18° градус жылуу болот.. Секундасына 4-9 метрге жеткен шамал жүрүп турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом