Эртең, 19-сентябрда өлкө аймагында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн: 10….15… күндүз: 24…..29°C;
Талас облусунда түнкүсүн: 4….9….күндүз: 23…..28°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында түнкүсүн: 11…..16….күндүз: 26……31°C;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн: 4…..9….күндүз: 16……21°C;
Нарын облусунда түнкүсүн: 3….8…..күндүз: 17….22°C;
19-сентябрда Бишкекте күндүз жана түнкүсүн күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 27……29°C, түнкүсүн 11..… 13°C.