БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Аба ырайы: Эртең тоолуу райондордо өткүн өтөт
23.08.2022 | 14:03
Эртең, 24-августта түнкүсүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,
Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,
Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +24…+29,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +27…+29 градус болот.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом