Келечекке клик: MBANK менен MJunior каржы стратегдеринин муунун кантип тарбиялоодоЧет элдик инвесторлор Кыргызстанда дары-дармек чыгаруучу завод курууну пландоодо. Инвестициянын көлөмү – 25 млн долларЭдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалдыКыргызстан бала бакчаларды өнүктүрүүгө 6,36 млн доллар кредит жана грант алат. ЖК макулдашууну 1-окууда кабыл алдыКумтөрдүн отчету эл аралык аудит тарабынан тастыкталдыАлмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп кайрадан дайындалды
Аба ырайы: Эртең Ысык-Көлдө жаан жаайт
12.08.2022 | 12:32
Эртең, 13-августта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көлдө жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37,
Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +33…+35 градус болот.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом