Аба ырайы: жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт

Аба ырайы: жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт

18-июлдан 22-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлөт. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ага байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшүн эскертти.

Министрлик сел коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат:

— арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;

— турак үй жайгашкан жерде жаан суулары — агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;

— Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;

— сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;

— мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.

6 айда 250 селде 17 адам каза болду. ӨКМ эскертүүлөргө көңүл бөлүнбөй жатканын айтты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>