Абакка баңгизат киргизүүгө аракет кылгандар колго түштү

14.03.2022 | 14:31

Чүй облусунун Молдовановка айылында кылмыштуу дуэт кармалды. Алар түзөтүү мекемесине контрабандалык жүктөрдү жеткирүүгө үлгүрбөй калышты.  Бул туурасында Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-март күнү, кечинде Жаза аткаруу кызматынын Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан №27- жана №1- мекемелеринин кызматкерлери тарабынан түзөтүү мекемесине тыюу салынган буюмду киргизүү аракетине бөгөт коюлду.

Ыкчам-издөө иш чараларынын натыйжасында кармалган Э.у.Б. жана Ж.Ч.Б.,аттуу жарандар жалпы салмагы 1 кг 804 граммды түзгөн, кочкул жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар скотч менен оролгон 8 таңгакты түзөтүү мекеменин аймагына ыргытууну көздөшкөн.

Бул факты Аламүдүн райондук милициясына катталып, кармалган жарандар дагы, бардык чогултулган материалдар дагы тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Scroll to Top