Журналист Актилек Капаров колун кести. Анын кан тамган каты социалдык тармакта жарыяланды.
Актилек Капаров 5 айдан бери аны абакта олтурганын, аны бир жолу гана тергөөгө алып барганын айтат.
Журналист анын эч бир күнөөсү жоктугун, болгону коррупция каршы күрөшүп келгенин белгилейт.
Жаза аткаруу кызматы Reportet.kgге Актилек Капаровдун саламаттыгы туруктуу экенин маалымдады.
Актилек Капаров 5 ай мурда Ички иштер министрлиги тарабынан Temirov Live медиасынын кызматкерлери менен бирге кармалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз