Садыр Жапаров премьер-министрликке бекий элек. Парламенттин төрагалыгына шайланган Мыктыбек Абдылдаевдин айтымына караганда, Жапаров кезексиз жыйында өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн.
«Көпчүлүк коалиция Садыр Жапаровдун талапкерлигин премьер-министрдин кызматына көрсөттү. Эми ал парламенттин тийиштүү комитетине өкмөттүн курамын жана программасын тааныштырат. Андан соң депутаттар Жапаровду шайлоо маселесин карайт”, – деген Абдылдаев журналисттерге маалымат берип жатып.
Белгилей кетсек, 6-октябрда “Достук” мейманканасында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Дастанбек Жумабеков өз арызы менен кызматтан кеткени айтылып, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаев шайланган.
Ошондой эле премьер-министр Кубатбек Бороновдун да кызматтан кеткени айтылып, анын ордун Садыр Жапаров ээлегенин бир нече маалымат каражаттарында жазылган.