Абдылдаев: Садыр Жапаров премьерликке бекий элек

Абдылдаев: Садыр Жапаров премьерликке бекий элек

Садыр Жапаров премьер-министрликке бекий элек. Парламенттин төрагалыгына шайланган Мыктыбек Абдылдаевдин айтымына караганда, Жапаров кезексиз жыйында өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн.

«Көпчүлүк коалиция Садыр Жапаровдун талапкерлигин премьер-министрдин кызматына көрсөттү. Эми ал парламенттин тийиштүү комитетине  өкмөттүн курамын жана программасын тааныштырат. Андан соң депутаттар Жапаровду шайлоо маселесин карайт”, – деген Абдылдаев журналисттерге маалымат берип жатып.

Белгилей кетсек, 6-октябрда “Достук” мейманканасында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Дастанбек Жумабеков өз арызы менен кызматтан кеткени айтылып, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаев шайланган.

Ошондой эле премьер-министр Кубатбек Бороновдун да кызматтан кеткени айтылып, анын ордун Садыр Жапаров ээлегенин бир нече маалымат каражаттарында жазылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>