Абдылдаев ЖК депутаттары Жээнбеков жана Матраимов Садыр Жапаровду колдоп кат бергенин ырастады, – видео

07.10.2020 | 22:33

Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү төрага катары жарыялаган Мыктыбек Абдылдаев КСДП фракциясынан депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Искендер Матраимов Садыр Жапаровду премьер-министрликке колдоо үчүн ишеним кат беришкенин ырастады. Бул тууралуу Абдылдаев бүгүн, 7-октябрда  өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын жыйынында Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып айткан.

Сурабалдиева “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган видеодон ал аталган маалыматты тастыктаганын угууга болот.

Scroll to Top