Абхазиядагы өзбекстандык мигранттардын алгачкы тобу мекенине октябрдын башында жеткирилет

Абхазиядагы өзбекстандык мигранттардын алгачкы тобу мекенине октябрдын башында жеткирилет

Абхазиядан келе албай жаткан өзбекстандык мигранттардын алгачкы тобу (аялдар, кош бойлуу келиндер, улгайган адамдар жана балдар) мекенине октябрдын башында жеткирилет. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Абхазиядагы калган жарандар Орусиядан транзитке уруксат алынышына жараша Өзбекстанга жеткирилет.

Буга чейин карантиндик чектөөлөрдөн улам Абхазияда 1000ден ашык өзбекстандык мигрант мекенине кете албай жатканы кабарланган. Алар өзбек бийлигине кайрылып, Орусия аркылуу транзия уюштуруп берүүнү өтүнүшкөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>