Абшыр-Атада суудан өтө албай калган 1300дөн ашуун адам куткарылды
Абшыр-Атада суудан өтө албай, камалып калган 1300дөн ашуун эс алуучу куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, ӨКМден тартылган тик учак менен Ноокаттын Абшыр-Сай эс алуу жайынан 5 адам (2 жашы улгайган, 2 келин, 1 жаш бала) Кезарт жайлоосунан 10 адам (3 жашы улгайган, 3 келин, 4 жаш бала) эвакуацияланып, коопсуз жайларга жеткирилген.
Жарандар жеринде медициналык кароодон өтүп, алдын ала уюштурулган унаалар менен жашаган жерлерине жеткирилди.
Жалпысынан 1300дөн ашуун эс алуучу куткарылган. Абшыр-Сайдан эвакуацияланган жарандарын ичинен жабыркагандар жок.
Буга чейин маалымдалгандай, Абшыр-Ата айылында сел суусуна агып кеткен 2 эркек баланын (аты-жөнү такталууда) сөөгүн 29-июнда куткаруучулар таап, ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
ӨКМ кечээ 6 адам сел сууларына агып кеткенин, 28-июнда 4 адамдын жана 29-июлда эки баланын сөөгү табылганын кабарлады.
[image_carousel source=”media: 211464,211465,211466″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз