Ачкачылык кармаган Султанбековду тез арада ооруканага жаткыруу керектиги айтылды

Ачкачылык кармаган Султанбековду тез арада ооруканага жаткыруу керектиги айтылды

№1 тергөө абагында эки айдан бери ачкачылык кармап жаткан саясатчы Темирлан Султанбековдун абалы кыйла начарлап кеткенин, аны ооруканага жаткыруу керектигин жактоочусу Айдана Ирсалиева билдирди. Анын видеокайрылуусу Султанбековдун «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.

11-январда Султанбеков менен жолугуп чыкканын айткан жактоочу анын колдору калчылдап, көзүнүн көрүүсү начарлаганын билдирди. Ал л сол бутун сезбей баштаган: бутунун манжаларын кыймылдата албай калган.

Алы жок болгондуктан бир нече жолу кулаган. 9-январдагы соттук отурумда да ал жыгылып, бирок анын кармап калышкан. Ушул эле соттук отурумда Медакадемияда иштеген медицина илимдеринин доктору, дарыгер Султанбековду ооруканага жаткыруу керектигин билдиргени менен сот аны көңүл сыртында калтырган.

Ирсалиева Султанбеков алты күндөн бери заара ушата албай жатканын, бул бөйрөктөрүнүн иштөөсүнүн бузулушунан кабар берерин билдирди. Ошондой эле анын жүрөгү ооруп жатканын айтты.

Жактоочу билдиргендей, Султанбековду кардиолог, офтальмолог, уролог жана нефрологго көрсөтүү керек.

Султанбековду тергөө абагындагы дарыгерлерге көрсөтөлү десе, санитардык бөлүмдүн башчысы бир жакка суранып кеткендиктен, дарыгерлер саясатчыны биринчи күнү гана көрө аларын айтышкан.

Айдана Ирсалиева Темирлан Султанбековдун абалы өтө начар экенин, аны тез арада ооруканага жаткыруу керектигин билдирди.

Эскерте кетсек, «Социал-демократтардын» лидери Темирлан Султанбеков, партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер ноябрдын ортосунда, 17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында добуш сатып алууга шектелип кармалган.

Алар камакка алынып, партиясы шайлоодон четтетилген.

Темирлан Султанбеков ага козголгон кылмыш ишин, камалышын саясий буйрутма деп атап келет. Ошондой эле мыйзамсыз кармалып, укугу тебеленип жатканын айткан саясатчы каршылык катары ачкачылык кармоодо. «Азатттык» жазгандай ал суу, «Аралаш» суусундугун жана шире гана ичип жатат.

55 күндөн бери ачкачылык кармаган Султанбековдун ден соолугу тездик менен начарлап жатканы айтылды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>