Адамгерчиликсиз шартта кармаган. Украинада кулчулукта жүргөн 13 өзбек жараны табылды

Украинанын Киев облусунда кулчулукта кармалып жүргөн 13 өзбекстандык жаран табылды. Кулчулукту уюштурууга шектелип төрт адам кармалды. Бул тууралуу Киев облусунун прокуратурасына шилтеме берип, украиналык TCH билдирди.
Маалыматка ылайык, Киевге жакын жерде Кытайдын эки жараны, бир өзбек жараны жана украиналык аял адамдарды эмгекке мажбурлаган схема уюштурушкан. Алар чет өлкөлүк жарандарды Украинага алып келип, андан кийин аларды күч менен иштетишкен. Эмгек акыны өзүлөрү алып турушкан. Аларга катуу чектөөлөрдү коюп, көзөмөлөп, адамгерчиликсиз шартта кармашкан.
«Тергөөдө белгилүү болгондой, шектүүлөр жашоо-шарты начар, жумушсуз жана кыйынчылыктарга дуушар болгон адамдарды мажбурлоо жана алдоо жолу менен кулчулукка тартышкан», — деп билдиришкен укук коргоо органдары.
Укук коргоо кызматкерлери кулчулукта жүргөндөр кармалган жайлардан документтерди, акчаларды жана транспорт каражаттарын табышкан.