Админресурс колдонгону үчүн ОшМУнун ректору иштен алынды

10.11.2021 | 09:43

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, үгүт иштери башталгандан бери 10 күндүн ичинде шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына жана  Президенттин жарлыгы жетиштүү денгээлде аткарылбагандыктан  төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

– Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими кызмат ордунан четтетилди;

– Исфана шаарынын мэрине сөгүш жарыяланды;

Мындан тышкары, Ош шаарындагы студенттердин үгүт иш-чараларына катышкандыгы үчүн:

– Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы Б.Б.Муратбаев жана ошол эле факультеттин 3 окутуучусу кызматтан алынды;

– Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди  Кожобеков кызматтан алынды;

– Билим берүү жана илим министри Болот Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмиаз Мамбетовго сөгүш жарыяланды.

 

Scroll to Top