Шайлоо-2021: Жапаров бюджеттен айлык алгандарга эскертүү берди (ВИДЕО)

Шайлоо-2021: Жапаров бюджеттен айлык алгандарга эскертүү берди (ВИДЕО)

Министрлер кабинетинин төрагасы жана Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров үгүт иштерине катышкандарды кызматтарынан кол жууп калаарын эскертти. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров шайлоого байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерине кайрылуу жасады:

“Урматтуу бюджеттен айлык акы алган кызматкерлер жана жетекчилер!

Сиздердин үгүт иш-чараларына катышууңуздардын кереги жок. Түз кызматтык милдеттериңиздерди аткарыңыздар. Сиздердин милдетиңиздер – шайлоолорду өткөрүү үчүн шарттарды камсыздоо. Жарандык позицияны шайлоо күнү добуш берүү аркылуу билдире аласыздар. Бүгүнкү күндө шайлоо процессине кийлигишпеңиздер.

Урматтуу жетекчилер, эгерде сиздер ээлеген кызматтан бошотулууну каалабасаңыздар Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын так аткарыңыздар, ошондо сиздердин аброюңуздар кыргыз элинин алдында таза болот.

Мен муну Министрлер кабинетинин төрагасы жана  Президенттин  администрация жетекчиси катары талап кылам», — деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров”.

 

Акылбек Жапаров өз билдирүүсүндө эскерткендей, Президент Садыр Жапаров  2021-жылдын 1-ноябрында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү  камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка  кол койгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>