Кыргызстандын Калкты тейлөө борборлору (КТБ) 11 күндүк эс алууга чыгатКыргызстан аба паркын кеңейтет: 2026-жылы жаңы Airbus жана жүргүнчү учак алуу пландалуудаЕАЭБ жалпы каттамдарды түзүү үчүн туризмди өнүктүрүү концепциясын бекитти27-декабрга карата аба ырайыТүштүк Кореяда 4 миңден ашуун кыргызстандык жумушка орношууга кызыкдарСанкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөт
Адылбек Касымалиев: 7 айда ички дүң продукциясынын көлөмү 865 млрд сомдон ашты
29.08.2025 | 14:02

Ушул жылдын акыркы 7 айында ички дүң продукциясынын (ИДП) өсүү темпи 11,5%ды түзүп, 865 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Ош шаарындагы Валентина Терешкова мектебинин ачылыш аземинде билдирди.
Анын айтымында, ички дүң продукциясы 2025-жылдын ичинде бир да жолу 10%дан төмөн болгон эмес.
“Акыркы 7 айдагы өсүү темпибиз 11,5 пайызды түздү, номиналдык жактан 865 млрд сомдон аштык. Консолидацияланган бюджетибиз боюнча: 2025-жылга 708,9 млрд сом планга коюлган. Кадырлуу замандаштар, бүгүн 8 айдын жыйынтыгы боюнча 2025-жылга бекитилген бюджет толугу менен аткарылгандыгын расмий түрдө билдирем жана жылдын аягына чейин 1 трлндон ашат деп болжолдоп жатабыз”,- деди өкмөт башчы.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика