13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилди
Ошто Валентина Терешкова атындагы жаңы мектеп-интернат ишке берилди
29.08.2025 | 14:20

Ош шаарында биринчи космонавт аял Валентина Терешкованын ысымын алып жүргөн мектеп-интернаттын жаңы имараты ачылды.
Салтанатта президент Садыр Жапаров мурунку имарат авариялык абалда болгонун эске салып, мектеп 2022-жылы бузулуп, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндө кайра курулганын белгиледи.
Мамлекет башчысы ачылышка онлайн катышкан Валентина Терешковага жана Кыргызстанга атайын келген Россия делегациясына ыраазычылык билдирди.
Жаңы комплекс жалпы 2,13 гектар аянтка жайгашып, анда 700 окуучу үчүн мектеп жана 500 орундуу жатакана бар.
Рубрики: Жаңылыктар