Адылбек Касымалиев Беларуска расмий сапар менен барды

29.09.2025 | 09:37

Кечээ, 28-сентябрда, өкмөт башчы Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Беларуска барбы. «Минск» улуттук аэропортунда аны Беларустун премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак тосуп алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул расмий сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Беларустун президенти Александр Лукашенко, ошондой эле премьер-министри Александр Турчин менен жолугушат. 

Өкмөт башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар эл аралык документтерге кол коюлат. Ошондой эле сапардын алкагында өкмөт башчысы бир катар объектилерге барат. 

Мындан тышкары, 29-30-сентябрда Адылбек Касымалиев КМШнын Өкмөт башчылар кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышып, ошондой эле «Иннопром. Беларусь» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.

Scroll to Top