Адылбек Касымалиев Минск шаарында Александр Лукашенко менен жолукту

30.09.2025 | 15:31

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев расмий жумуш сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко менен жолугушту.

Касымалиев белорус тарапка жылуу кабыл алгандыгы жана сапардын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун саламын жеткирди.

Жолугушууда тараптар төмөнкү маселелерди талкуулашты:

  • эки тараптуу соода жүгүртүүнү жана инвестицияны көбөйтүү;
  • биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу;
  • кызматташтыкты кызыктырган тармактарда кеңейтүү.

Ошондой эле Кыргызстан менен Беларустун эки тараптуу жана көп тараптуу уюмдардын алкагындагы (ЖККУ, КМШ, ЕАЭБ, ШКУ) натыйжалуу кызматташуусу баса белгиленди.

Александр Лукашенко кыргыз-­беларус мамилелеринде акыркы жылдары жаңы дем пайда болгонун, бул өз кезегинде бизнес жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө шарт түзүп жатканын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары бекемдөө жана практикалык кызматташууну кеңейтүү боюнча биргелешкен кадамдарды ишке ашырууга даярдыгын ырасташты.

Эскерте кетсек, бул сапар Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысынын акыркы 24 жыл ичиндеги Беларуска жасаган биринчи расмий сапары болуп, өзгөчө символикалык мааниге ээ экени белгиленди.

Scroll to Top