Ташкентте өкмөт башчы Адылбек Касымалиев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Адылбек Касымалиев өзбек элин 2026-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыгышы менен чын жүрөктөн куттуктап, Өзбекстан курама командасына ийгилик каалаган.
Ошондой эле ал Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, кыргыз-өзбек мамилелерин ар тараптуу тереңдетүү эки элдин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына толук жооп берээрин ырастаган.
Өз кезегинде Шавкат Мирзиеев Адылбек Касымалиевге Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышууга келгенине ыраазычылыгын билдирип, Садыр Жапаровго ысык саламдарын жолдогон.
Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана кеңейтүүгө өз ара ниеттерин билдиришкен.