Aero Nomad Бишкек — Кашкар түз аба каттамы ачылды

Aero Nomad Бишкек — Кашкар түз аба каттамы ачылды

Ушул жылдын 15-июнунан тарта  Aero Nomad Airlines компаниясы эл аралык Бишкек – Кашкар багыты боюнча биринчи каттамды аткарып, Кыргызстан менен Кытайдын түштүк-батыш аймагынын ортосунда түз аба каттамдарын расмий түрдө ачты.

Жаңы рейс “Дордой” жана “Мадина” соода борборлорунун ишкерлери үчүн Шинжаң базарларына кирүүнү бир топ жеңилдетет, ошондой эле кыргыз, уйгур жана кытай диаспорасы үчүн саякаттарды ыңгайлуу кылат.

Биринчи каттам Кашкар аэропортунун инфраструктурасы үчүн сыноо болду жана анын КЭР темир жол тармагы менен логистикалык өз ара аракеттенүүгө даярдыгын көрсөттү.

«Долбоор Улуу Жибек Жолунун демилгелерин колдойт, экономикалык кызматташтыкты жана аймактык байланышты чыңдайт. Келечекте жүргүнчүлөр үчүн да, жүктөр үчүн да үзгүлтүксүз жана чартердик каттамдар пландалып, жекече жеткирүү шарттарын түзүү каралган», — деп баса белгиледи Aero Nomad авиакомпаниясынын башкы директору Тимур Аралбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>