Орусиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы Москвадан Тамчы аэропортуна, Ысык-Көлгө учуу программасын кеңейткенин билдирди.
10-июлдан тарта шейшемби жана жекшемби күндөрү болгон каттамдар бейшемби жана ишемби күндөрү болгон каттамдарга кошулат.
А320 учагы Шереметьеводон саат 9.25те учуп, Кыргызстанга 17.10до келет. Жол убактысы 4,5-5 саат.
Кайтуу рейси жергиликтүү убакыт боюнча 18.25те, Москвага 20.20да учуп келет.
Москва – Тамчы багыты боюнча каттамдарды “Урал аба жолдору” да аткарат. Учак Домодедоводон күн сайын, ал эми шаршемби жана жекшемби күндөрү Жуковскийден учат.