Бишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна жаңы маданий борбор курулатКыргызстандыктар эми Apple жана Tesla акцияларын эртең менен сатып ала алышат. Бишкекте инвесторлорго жаңы мүмкүнчүлүктөр сунушталдыБлогер Sary Kyz: Мен Кыргызстандын туризм боюнча амбассадору болдум. Бул абдан сонунДанияр Амангелдиев Коопсуздук боюнча 62-Мюнхен конференциясында Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын тааныштырдыКыргыз мунай компаниясынын директору алмаштыШКУ өлкөлөрү фитосанитардык коопсуздук жаатындагы координацияны активдештирүүдө
Аэропортко каттаган экспресс-маршрут эми түнкүсүн да жүрөт
17.10.2025 | 19:47

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, Асанбай кичирайонунан “Манас” эл аралык аэропортуна каттаган №153 экспресс-автобус эми түнкүсүн да жүргүнчүлөрдү ташыйт.
Түнкү каттамдар төмөнкү убактарда жүрөт:
- 00:00
- 03:00
- 05:00
Жол акысы — 140 сом, ал эми накталай эмес төлөмдө 122 сом болот.
Мэрия бул чечимди түнкү каттамдарга болгон суроо-талаптын өсүшү жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максаты менен түшүндүрдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом