АЭС боюнча сүйлөшүүлөр «шашпай жүрүүдө». «Росатомдун» жетекчиси Кыргызстандагы пландар тууралуу эмнелерди айтты?

Борбордук Азия атомдук энергетиканын дүйнөлүк картасындагы негизги аймактардын бирине тездик менен айланууда. Экономикалык өсүш, электр энергиясынын барган сайын күчөгөн таңсыктыгы жана климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттери аймак өлкөлөрүн базалык генерациянын ишенимдүү булактарын издөөгө мажбур кылууда.
«Росатом» мамлекеттик корпорациясынын жетекчиси Алексей Лихачёв эмне үчүн дал ушул Борбордук Азия Россия үчүн эң ыңгайлуу стратегиялык өнөктөш болуп калганын, Өзбекстанда дүйнөдөгү биринчи гибриддик АЭС долбоору кантип ишке ашырылып жатканын жана Москва Кыргызстанга энергетикадан тышкары дагы кандай технологияларды сунуштап жатканын кеңири айтып берди.
Тарыхый пайдубал жана экономикалык зарылчылык
Россия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн атом тармагындагы мамилеси терең тарыхый тамырларга ээ. Алексей Лихачёв белгилегендей, так ушул аймакта Советтер Союзунун ядролук калканы чыңдалып, тынчтык максаттагы атомдук долбоорлор жаралган.
«Бул жерде уран чийки затынын компоненти калыптанган. Бул — биринчи жолу уран берген Тажикстандагы Табошар кени жана ушул күнгө чейин дүйнөлүк рынокко уранды ийгиликтүү жеткирип жаткан Өзбекстандагы Навои комбинаты. Экинчи компоненти — компетенциялардын өнүгүүсүнүн жогорку деңгээли. Казакстандагы Актау шаарын эстейли, ал жерде планетадагы биринчи БН-350 тез нейтрондордогу өнөр жайлык энергетикалык реактору ишке ашырылган», — деди «Росатомдун» башчысы.

Бирок бүгүнкү күндө кызматташтыктын кыймылдаткыч күчү катары тарыхый эс тутум гана эмес, катаал экономикалык прагматизм да чыгууда. Аймак өлкөлөрү ИДПнын жогорку өсүү темпин көрсөтүүдө (орточо эсеп менен 7%дын тегереги), бул өнөр жайдын жана демографиянын кескин өсүшү менен коштолууда. Жакынкы он жылдыктарда бул жерде электр энергиясына болгон муктаждык бир нече эсеге өсөт.
Лихачёвдун айтымында, акыркы айлардагы глобалдык кризистер, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу, жалаң гана углеводороддорго же кайра жаралуучу энергия булактарына (КЖЭБ) таянган энергетикалык тутумдардын аялуу экенин көрсөттү.
«Экологиялык тазалыкты үстүртөн түшүнүү жана атомдон баш тартуу энергетикалык коллапска алып келет. Буга бир гана жооп болушу мүмкүн — атомдук энергетикага кайтып келүү, бир кылымга эсептелген базалык генерацияны куруу», — деп жыйынтыктады ал. АЭСтин бир киловатт-саатынын наркында урандын үлүшү болгону 6%ды түзөт, ал эми газ же көмүр генерациясында отундун үлүшү 80–85%га чейин жетет, бул атомдук энергияны экономикалык жактан алдын ала болжолдоого боло турган жана туруктуу кылат.
Кыргызстан: Ядролук мурастарды жоюудан «жашыл» мегаватттарга жана ядролук медицинага чейин
Кыргызстан «Росатомдун» стратегиясында өзгөчө орунду ээлейт. Бишкек менен кызматташтык экологияны, кайра жаралуучу энергетиканы жана алдыңкы медицинаны камтыган көп кырдуу мүнөзгө ээ.
Экологиялык реабилитация
Советтик ядролук мурастарды жоюуга биринчи кезекте көңүл бурулууда. КМШнын мамлекеттер аралык программасынын алкагында (анын каржылоосунун негизги бөлүгүн Россия өзүнө алган) «Росатом» мурунку уран калдыктарын сактоочу жайларды (хвостохранилище) рекультивациялоону ийгиликтүү жүргүзүүдө.
«Нарын облусундагы төрт объект жана Ысык-Көлдөгү бир объект коопсуз абалга келтирилди. Бул аймакка болгон экологиялык жүктөмдү кескин азайтты. Иштин жүрүшүндө биз жергиликтүү компанияларды жигердүү тартып, технологияларды локализацияладык», — деп баса белгиледи Лихачёв.
Энергетикалык микс: шамал, суу жана атом
Кыргызстанда чакан кубаттуулуктагы атомдук станцияны куруу боюнча сүйлөшүүлөр тынч нукта жүрүп жаткан кезде (Лихачёвдун айтымында, Бишкек бардык аспектилерди кылдаттык менен таразалап, шашпай жатат), «Росатом» убакытты текке кетирбей, республиканын альтернативдик энергетикасына инвестиция салууда.
Учурда Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 100 МВт болгон шамал паркын куруу долбоору ишке ашырылууда — жабдуулардын олуттуу бөлүгү аянтчага жеткирилди. Мындан тышкары, россиялык корпорация Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга өз көмөгүн сунуштады.

Ядролук медицина
Кыргыз тараптын өзгөчө кызыгуусун ядролук медицина технологиялары жаратты. Бул технологиялар радиоизотоптордун жардамы менен онкологиялык ооруларды клеткалык деңгээлде так аныктоого жана дарылоого мүмкүндүк берет.
«Биз Кыргызстанда заманбап радиологиялык бөлүмдү түзүүгө катыштык. Планда биздин изотопторду, радиофармпрепараттарды жана жабдууларды колдонуу менен чоң онкологиялык борбор түзүү бар», — деди мамлекеттик корпорациянын башчысы. Ал кошумчалагандай, «Росатом» Россиянын рыногунда батыштын аналогдорун ийгиликтүү алмаштырган технологиялары менен Бишкек менен бөлүшүүгө даяр.
Өзбекстан: Гибриддик атомдук энергетиканын дүйнөлүк үлгүсү
«Росатомдун» аймактагы эң амбициялуу долбоору — Өзбекстанда АЭС куруу. Ташкент дүйнөлүк тажрыйбада сейрек кездешүүчү чечим кабыл алды — бир аянтчада чакан жана чоң кубаттуулуктагы реакторлорду айкалыштыруу.
Долбоор төмөнкүлөрдү курууну карайт:
- Ар бири 55 МВт кубаттуулуктагы эки чакан РИТМ-200Н реактору (жер үстүндөгү чакан модулдук реакторлор үчүн дүйнөдөгү биринчи экспорттук келишим);
- Эки классикалык «миллиондук» ВВЭР-1000 реактору.
«Бул дүйнөлүк масштабдагы окуя. Мындай конфигурация жалпы станциялык чечимдерди колдонуу менен капиталдык чыгымдарды оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Бирок эң башкысы — бул таптакыр башкача маневрдүүлүк. Чоң жана чакан кубаттуулуктун айкалышы станцияга электр энергиясын керектөөнүн суткалык жана сезондук өзгөрүүлөрүнө максималдуу натыйжалуу жооп кайтарууга жол ачат. Бул аянтча дүйнөлүк үлгүгө айланат», — деп ишенет Лихачёв.
Казакстан: «Балхаш» АЭСин курууга даярдык
Казакстанда АЭС куруу долбоору, өлкө калкы жалпы улуттук референдумда атомдук энергетиканы өнүктүрүүнү колдогондон кийин, жигердүү даярдык баскычына өттү.
2025-жылдын августунда «Балхаш» деп аталган келечектеги станциянын аянтчасында масштабдуу инженердик изилдөөлөр башталды.
«Сейсмикалык абал, суунун абалы жана климаттык өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүү боюнча бир жылдык чоң иш жүрүп жатат. Келерки жылдын башына карата аянтчанын мүнөздөмөлөрү боюнча отчет даяр болот, анын негизинде бардык чакырыктарга жооп берген долбоор түзүлөт. Коопсуздук абсолюттук артыкчылык болуп саналат», — деди Лихачёв.
Эл аралык консорциумдун лидери катары аныкталган «Росатом» учурда казакстандык буйрутмачы менен биргеликте станцияны дүйнөлүк мыкты технологиялар менен жабдуу үчүн чет элдик берүүчүлөрдү тандап жатат. Муну менен катар Алматыда жергиликтүү кадрларды даярдоо үчүн МИФИнин филиалы ачылды.
Reporter.kg маалымкаты: МИФИ — кеңири профилдеги алдыңкы техникалык окуу жай жана дүйнөлүк ядролук илимдин жана билим берүүнүн борборлорунун бири.