Агартуу министри «Шериктештиктин балдары» форумуна катыша турган окуучулар менен жолукту

Агартуу министри «Шериктештиктин балдары» форумуна катыша турган окуучулар менен жолукту

Бүгүн, 4-июлда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева «Шериктештиктин балдары» X эл аралык маданий-билим берүү форумунда Кыргызстанды көрсөтө турган окуучулар менен жолукту. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган форум 7-16-июлда Беларустун «Зубренок» улуттук билим берүү жана ден соолукту чыңдоо борборунун базасында өтөт. Анда ар бир катышуучу өлкө үчүн өзүнчө «Республика күнү» уюштурулат.

Бул күнү кыргызстандык окуучулар Кыргызстанды тааныштырып, өлкөбүздүн тарыхын, маданиятын, улуттук тамак-аштарын жана салттуу оюндарын сунушташат. Натыйжада форумдун бардык катышуучулары Кыргызстан менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Министр Кендирбаева катышуучулардын ой-пикирин угуп, алардын демилгелүүлүгүнө жана аракетине ыраазычылык билдирди:

«Ийгилик өзүңөрдүн колуңарда. Ага кандай аракет кылсаңар, жашооңор да ошондой болот. Кыялдангыла! Кыял – силердин кыймылдаткыч күчүңөр, максатыңар. Азыркы жаштар атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек», – деп белгиледи министр.

Белгилей кетсек, форумдун катышуучулары — эл аралык сынактардын жана олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, ыктыярчылар жана жигердүү жаштар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>