Агартуу министрлигинде мектептерге француз тили сабагын киргизүү мүмкүнчүлүгү каралды

23.10.2025 | 09:57

Франциянын элчиси Кыргызстандагы мектептерге француз тили сабагын киргизүүнү сунуштады. Мындай сунушту элчи Николя Фай агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева менен болгон жолугушуусунда айткан. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар мектептик жана башталгыч кесиптик билим берүү тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашкан.

Николя Фай Кыргызстандагы жалпы билим берүү мектептеринде француз тилин өнүктүрүүгө кызыгуусун билдирип, окуучулар үчүн француз тили сабагын окутууга кошумча сааттарды бөлүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштаган.

Догдуркүл Кендирбаева өлкөдө гуманитардык жана тил багытындагы мектептерде француз тилин тандоо сабагы катары киргизүүгө болорун билдирген. Ошол эле учурда, министр француз тили боюнча кыргыз билим берүү тутумуна ылайыкташтырылган окуу-методикалык комплексти алдын ала иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеген.

Мындан тышкары министр башталгыч кесиптик билим берүү тармагында да кызматташтыкты кеңейтүүнү сунуштаган. Айрыкча, кесиптик лицейлердин базасында француз ашканасын үйрөтүү жана гиддерди даярдоо боюнча кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү каралган.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мектептерде француз тилин окутуу боюнча окуу-методикалык программаны иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүгө жана мындан аркы биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу маселесин талкуулоого макулдашышкан.

Scroll to Top