Кыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз НасыровКыргызстан Кытайдын улуттук ири мунай корпорациялары менен кызматташууну тереңдетүүдө
Бишкекте унааларды текшерүүгө багытталган ири рейддер өткөрүлүүдө
23.10.2025 | 09:20

Бишкек шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жол кыймылынын катышуучуларынын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында массалык рейддик иш-чаралар жүрүп жатат.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, рейддердин жүрүшүндө милиция кызматкерлери унааларды текшерип, төмөнкү мыйзам бузууларды аныкташкан:
- мас абалында унаа башкарган айдоочулар;
- документтери жок унаа айдагандар;
- айдоочулук күбөлүгү жок жарандар.
Кыска убакыт ичинде бир катар мыйзам бузуулар катталып, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлгөн.
Кайгуул кызматы шаар тургундарын жана конокторун жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.
Ошондой эле айдоочулардан төмөнкү талаптар сакталууга тийиш экендиги эскертилди:
- айдоочулук күбөлүк жана унаага тиешелүү документтерди алып жүрүү;
- мас абалында рулга отурбоо;
- кайгуул кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткаруу.
Рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз негизде улантылат, — деп билдирди МККБнын басма сөз кызматы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом