Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев менен дует ырдаган видеосун шоумен Нурсултан Майназаров Инстаграм баракчасын жайгаштырды.
Кечээ, 25-сентябрда Бек Борбиев 50 жашка чыгып, Бишкектеги тойканалардын биринде жакын санаалаштарына той өткөрдү. Келген коноктордун катарында «Бир-Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов да бар. Анда эл өкүлү ырчы менен биргеликте «Окуучулук кайыгым» аттуу чыгармасын аткарышкан.