29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болот
Аида Рысбаева билим берүү министринин орун басары болду
26.05.2023 | 19:02
Рысбаева Аида Жолочуевна билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү тескемеге министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгон.
Жаңы дайындалган министрдин орун басарын бүгүн эмгек жамаатка президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы Миргазы Исаков тааныштырды.

Белгилей кетсек, буга чейин министрдин орун басары болуп иштеген Надира Жусупбекова 2023-жылдын 11-майында өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат