Түптө кирпич чыгарган завод курулат

Түптө кирпич чыгарган завод курулат

Түп районунун Күрмөнтү айылынын тургуну кызыл кирпич чыгаруучу чакан завод курууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ишкер 2022-жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна долбоор менен кайрылып, 7 млн 500 миң сом пайызсыз насыя алган.

Алган каражатын кирпич өндүргөн ишкана ачууга жумшап, тийиштүү жабдыктарды жана техника сатып алган. Учурда ишканада 10 кызматкер иштейт. Ал эми завод толук кандуу ишке киргенде кызматкерлердин саны көбөймөкчү.

Ишкердин айтымында, Ысык-Көл облусунда кирпич өндүргөн ишканалар жокко эсе. Андыктан суроо-талап жогору болуп, курулушчулар Бишкектен ташып келүүгө аргасыз болууда. Ал жаңы ишкананын ишке кириши менен сапаттуу жана баасы салыштырмалуу арзан болгон кирпичтер чыгарыла баштарын кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>