Кыргызстандык режиссер Айбек Дайырбеков Россиядагы эл аралык кинофестивалда «Мыкты режиссер» сыйлыгын алды. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Дайырбековго «Мыкты режиссер» сыйлыгы «Эрмен жыты» тасмасы үчүн «Чыгыш-Батыш. Классика жана Авангард» кинофестивалында ыйгарылган. Фестиваль Оренбург шаарында 25-31-августта өткөн.
«Эрмен жыты» тасмасы Кинематография департаментинин, Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясынын колдоосу менен Central Asia Film студиясы тарабынан тартылган.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз