Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамендер онлайн көзөмөлдөнөт

Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамендер онлайн көзөмөлдөнөт

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу экзаменин эми онлайн режиминде байкоого болот, деп билдирди Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (Унаа) басма сөз кызматы 18-октябрда.

Бүгүнкү күндө Бишкек жана Ош шаарларындагы эки аймактык бөлүмдө пилоттук режимде онлайн-трансляция ишке киргизилди.

«Бул чечим коррупцияны жоюу жана айдоочулук күбөлүк алуу процессинин ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында кабыл алынды. Ошондой эле, бул иштин алкагында квалификациялык экзамендерди тапшыруу, айдоочулук күбөлүктөрдү берүү, алмаштыруу жана сактоо боюнча иштерди уюштуруу боюнча нускамаларга бир катар өзгөртүүлөр киргизилди.

Ошентип, теориялык экзамендер башталгандан жана талапкерлер ийгиликтүү идентификациялангандан кийин экзамен алган адамдарга уюлдук телефондорду колдонууга, аудиторияны кыдырып чыгууга, талапкерлерге жакындап, сүйлөшүүгө тыюу салынат.

Эгерде теориялык экзамендерди тапшыруу башталгандан кийин талапкерде автоматташтырылган маалыматтык тутумдун иштешинде көйгөйлөр пайда болсо, талапкер колун көтөрүп, экзамен алуучуга маселе жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Андан кийин экзаменчи маселенин себептерин жана аларды жоюу жолдорун деталдуу баяндоо менен протокол түзүшү керек», — деп билдиришти ведомстводон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>