Айгүл Жапарова Витебскдеги фестивалда ардактуу конок болду

Айгүл Жапарова Витебскдеги фестивалда ардактуу конок болду

Президенттин аялы Айгүл Жапарова ардактуу мейман катары «Витебскдеги Славян базары» XXXIII Эл аралык искусство фестивалынын ачылышына катышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Быйыл Кыргызстандын атынан бул фестивалга 14 жаштагы Раяна Алибаева катышууда, ал улуттук тандоо турунун жеңүүчүсү, ошондой эле ар түрдүү эл аралык жана республикалык жаш таланттар сынактарынын катышуучусу жана байге ээси болуп саналат.

Айгүл Жапарованы Минск шаарында аэропорттон Беларустун эмгек жана социалдык коргоо министри Наталия Павлюченко тосуп алган. Ал Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге «Беларусь аялдар союзу» уюму менен дагы жолуккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>