«Айлык алып олтурасыңар». Министрликтин миграция саясаты сындалды

«Айлык алып олтурасыңар». Министрликтин миграция саясаты сындалды

Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги миграция жаатында алгылыктуу иш алып барбай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева «Ата-Журт Кыргызстан» жана «Мекенчил» фракциясынын биргелешкен жыйынында билдирди.

Ал мекеменин бул жаатта концепция жана мерчемделген иштери жоктугун белгиледи.

«Форум өткөрдүк дейсиңер, ага дагы мекендештерибиз өзүнүн акчасына келип кетишти. Эч бир маселе чечилбей, нааразы болуп кайтышты. Орусиядагы кыргызстандыктар дагы эле Казакстандын чек арасына келип, кирди-чыкты кылып кетип жатышат», — деди Камила Талиева.

Депутат министрдин миграция боюнча орун басары Нурдоолот Базарбаевдин дагы ишин сынга алды.

«Сиз өзү мигрант болгонсузбу? Жоон териңиз менен сезбесеңиз, кантип түшүнөсүз? Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, жылуу, жумшак, айлык алып олтурасыз», — деди эл өкүлү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>