Кыргызстандык боксчулар Испаниядагы мелдеште 3 медаль утту

Кыргызстандык боксчулар Испаниядагы мелдеште 3 медаль утту

Кыргызстандык боксчулар Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинде 3 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

60 кг салмакта Мунарбек Сейитбек уулу алтын байге тагынды. Өмүрбек Бекжигит уулу 86 кг салмакта күмүш утту. Ал эми 80 кг салмакта Сагын Сатыбалды уулу коло медалга ээ болду.

Эскерте кетсек, аталган мелдеш 30-январдан 3-февралга чейин болуп өттү. Курама команда турнирге улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жана башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында катышты.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>