Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Айрым категориядагы жарандарга ай сайын компенсация төлөө боюнча жарлык чыкты. Кимге канча төлөнөт?
24.04.2025 | 13:11
Садыр Жапаров “Жарандардын айрым категорияларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тарта Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, Чернобылдагы кыйроонун кесепетин жоюуга катышкан жарандарга, аскердик кызмат учурунда каза болгон жарандардын үй-бүлөсүнө жана башка категориядагы жарандарга жеңилдиктердин ордуна төмөнкүдөй ай сайын акчалай компенсациялар төлөнөт:
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары – 10 миң сом;
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары – 10 миң сом;
- Концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундары – 10 миң сом;
- “За оборону Ленинграда” медалы жана/же “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдар – 10 миң сом;
- Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринде жаракат алган майып-аскер кызматчылары – 10 миң сом;
- СССРди коргоодо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда жарадар болуунун, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болгон аскер кызматчылары – 10 миң сом;
- Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучулары – 8 миң сом;
- Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жабыр тарткан майыптар жана нурлануу оорусуна чалдыккан жана жабыркаган адамдар – 10 миң сом;
- 1986–1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар – 3 миң 500 сом;
- Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана/же медалдары менен сыйланган, майыптуулук тобу бар адамдар – 2 миң сом;
- Саясий жана/же диний ынанымы үчүн социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын натыйжасында жапа чеккен реабилитацияланган жарандар – 1500 сом;
- 1988–1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар – 2 миң сом;
- Чернобыль АЭСиндеги авариянын натыйжасында курман болгондордун, нурлануу оорусунун кесепетинен каза болгондордун жана каза болгон майыптардын үй-бүлөлөрү – 1500 сом;
- Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдардын балдары (18 жашка чейинки) – 1500 сом;
- Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган майыптуулук тобу жок адамдар – 1000 сом;
- Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү – 1500 сом;
- Аскер кызматынын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү – 1500 сом;
- Кызматтык милдеттерин жана кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде жарадар болуунун, жаракат алуунун, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен кызматтан бошогондон кийин каза болгон ички иштер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү – 1000 сом;
- Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери) – 1500 сом;
- Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери) – 1500 сом;
- “Кыргыз Республикасынын ардактуу донору” төш белгиси менен сыйланган адамдар – 1000 сом;
- Көрүүсү жана угуусу боюнча майыптар – 1000 сом;
- 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргызстандын аскер кызматчылары – 1000 сом.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом