Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Айрым жолдордо унаа ылдамдыгын саатына 110 чакырымга чейин жогорулатууга уруксат берилди
12.11.2019 | 12:27
Кыргызстандын ичиндеги эл аралык маанидеги айрым жолдордо автоунааларга саатына 110 чакырым ылдамдык менен жүрүүгө уруксат берилди.
Жол кыймылынын эрежелерине өзгөртүү киргизген токтом 31-октябрда кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Аталган сунушту Ички иштер министрлиги киргизген. Анын максаты эл аралык маанидеги унаа жолдордогу айрым тилкелерде ылдамдык режимин көбөйтүү менен өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталат.
Токтом расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Буга чейин айдоочулар өлкө ичиндеги эл аралык маанидеги жолдордо унаа ылдамдыгын саатына 90 чакырымдан ашырбашы керек болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом