Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештик оюндарынын финалына чыкты.
Тыныбекова килем үстүнө бүгүн, 11-августта чыкты. Ал таймашты чейрек финалдан баштап, анда казакстандык Ирина Кузнецованы уткан.
Жарым финалдык беттеште Тыныбекова сенегалдык Сафиету Гудиабини 10:0 эсебинде жеңип алды.
Алтын үчүн кармаш 20:30да башталат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда