Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар Аишаны издөө токтотулду – видео 

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар Аишаны издөө токтотулду – видео 

Ысык-Көлдө 25 күндөн бери табылбай жаткан 4 жашар Аиша Мурдинованы издөө иштери 9-августта токтотулду. Бул тууралуу Reporter.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМдин Суучулдарды даярдоочу жана суунун алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун башчысынын орун басары Замирбек Жумаков издөө иштери жана ал иштер эмнеге токтотулганын айтып берди. Анын айтымында, инструкцияга ылайык издөө иштери эки фазага бөлүнүп, издөө-куткаруу иштери жалпы 20 күнгө созулат. Андан кийин издөө иштери токтотулат.

«Төрт жашар кызды издөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлдү. Бул ишке ӨКМдин бардык башкармалыктарынан куткаруучулар тартылган. Издөөгө Нарын обусунан суучулдар жана ӨКМдин куткаруучулары, ошондой эле, Россиянын аскер бөлүгүнөн 8 катер, суучулдар да тартылган. Мындан тышкары эл, ыктыярчылар дагы издөө иштерине жардам беришти. Тилекке каршы жыйынтык болгон жок. ӨКМдин №707 буйругунун негизинде издөө иштери токтотулду», — деп билдирди ал.

Эске салсак, Ысык-Көлгө чөгүп кеткен төрт жашар Аиша 25 күндөн бери табыла элек. Ал ушул жылдын 18-июлунда саат 15:00дөрдө Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда көлгө чөгүп кеткен. Кыздын атасынын айтымында, бөбөк апасы менен сууда баллондо калкып жүргөн маалда катуу шамал башталып, толкун болгон. Ата-энеси бир заматта кызын таппай калышкан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ӨКМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>