Айсулуу Тыныбекова жаракатына карабай машыгуусун улантууда

Айсулуу Тыныбекова жаракатына карабай машыгуусун улантууда

Азия чемпиондугунда финалдык  беттеште алган жаракатына карабай, Айсулуу Тыныбекова машыгууларды баштады. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курамасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди.

«Айсулуунун денеси көгөргөн. Дарыгерлер аны текшерип, калыбына келтирүү бир жолку дарылоо курсун жазып беришти. Ал эки жумада толук айыгат деп турабыз. Бирок, ага карабастан азыр Айсулуу машыгып жатат. Бир гана буту жабыркап, ал жалпысынан булчуңдарды чыңдоо үчүн иштейт, формасын сактап турат”,-дейт машыктыруучу.

Белгилей кетсек, жакында өткөн Азия чемпионатында Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова менен Айсулуу Тыныбекова күмүш медалга ээ болушкан.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы 4 алтын, 3 күмүш жана 7 коло медалга ээ болду.

Чемпионаттын финалдык эсебинде Кыргызстан Япония, Иран жана Казакстандан кийин эле төртүнчү орунга чыкты.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>