Жарманке: 6 миңден ашык жумуш оруну бош

Жарманке: 6 миңден ашык жумуш оруну бош

Бишкекте өтүп жаткан бош орундар жарманкесинде 6 минден ашык кызматчы изделүүдө. Бул туурасында борбор калаанын мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда,  иш-чара А.Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрында өтүп жатат. Анда  жумуш издөөчүлөр, жогорку окуу жайлардын, колледждердин, кесиптик лицейлердин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш жана кесип жарманкеси ачылды. Ачылышка борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева катышты.

Иш-чаранын максаты — жарандарды, билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү, жумушсуз жарандарды жана жаштарды эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн окутуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле жарандарга кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат берүү жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү.

Бош орундар жана кесип жарманкесине өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б.

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы Бишкек шаары боюнча 3500, ал эми өлкөнүн аймактарынан 1300 бош орундарды сунуштады. Жалпысынан 6000ден ашык бош орундар бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>