Айт намазы учурунда жол тыгындарына жана жол кырсыктарына жол берилген жок. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери өлкө аймагындагы баардык мечиттерге бөлүнүп, айт намазы учурунда күчөтүлгөн тартипте коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап беришти.
Айт намазы учурунда эч кандай жол кырсыгы жана жол тыгыны катталган жок. Айрыкча Бишкек шаарынын чоң мечиттеринде кызматкерлер жарандардын коопсуздугун сактоодо жана жол коопсуздугун камсыздоодо мечиттердин айланасында токтоп турган унааларды алдырып, жарандардын Айт намаздарын окууларына ыңгайлуу шарттарды түзүп беришти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз