Баткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдөРКӨФ Бишкекте мектептин жаңы имаратын курууга 1,8 млн доллар багыттайтКыргызстанда 2026-жылы 75 кайра иштетүүчү ишкана ишке киргизилетБишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылдыОшто Орусиядан мыйзамсыз алып келинген, баасы 1 млн сомдук алтын буюмдар аныкталды«Old Bishkek» долбоорунун жаңы өтмөгүндө шыптан суу түшүүдө: сууну чакаларга чогултуп жатышат
Айыл чарба министрлиги 33 миң гектар жер зыяндуу чегирткеден арылтылганын билдирди
15.05.2025 | 17:35
Айыл чарба министрлиги өлкө боюнча 33 миң гектардан ашык жерде зыяндуу чегирткелерге каршы химиялык күрөшүү иштери жүргүзүлгөнүң билдирди.
Маалыматта айтылгандай, ушул жылы зыяндуу чегирткелер биринчи жолу 3-апрелде Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда катталган.
Мындан улам өлкө боюнча зыяндуу чегирткелерди аныктоо жана алар менен күрөшүү иштери башталган.
15-майга карата 51 миң 746 гектар жерде чегирткелерди аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүлгөн.
Ал эми чегирткелерге каршы химиялык дарылоо өлкө боюнча жалпы 33 миң 310 гектар жерде жүргүзүлгөн.
Министрлик бул иштер Жалал-Абад, Ош, Баткен, Талас жана Чүй облсутарында жүргүзүлүп жатканын маалымдады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом