Айыл чарба жарманкеси. Арзан баада сатылган азык-түлүктөрдүн тизмесио
Бүгүн, 3-майда Бишкек шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан уюштурулган айыл чарба жарманкеси аяктады. Иш-чара темир жол вокзалына жакын жерде болуп, шаар тургундары үч күн бою азык-түлүк жана эң керектүү товарларды дүң баада сатып ала алышты.

Жарманкеде ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарларынын кеңири ассортименти сунушталды: сүт азыктары, эт, жарма, жашылча, мөмө-жемиш, өсүмдүк майы жана башкалар.

Бул жерде кээ бир баалар:
Сүт азыктары:
Үй сүтү – литри 60-70 сом
Каймак – 1 кг 550 сом
Сүзмө — килограммы 250 сом
Айран – 1 кг 250 сом
Быштак – кг 300 сом
Эт:
Уй эти – кг 600-650 сом
Жумуртка:
Лоток – 200-250 сом
Даана – 6–9 сом
Өсүмдүк майы:
Күн карама майы – литри 170 сом
Сафлор майы – 180сом
Дан жана буурчак өсүмдүктөрү:
Импорттук буурчак – 60 сом
Лазер (Баткен) – 160 сом
Алянга – 200 сом
Жасмык – 200 сом
Негизинен дан эгиндеринин баасы 1 кг 60 сомдон 250 сомго чейин.

Жашылчалар:
Помидор – кг 150-200 сом
Картошка, пияз, сабиз – килограммы 20 сомдон 50 сомго чейин.

Жарманке ата мекендик дыйкандарды жана ишкерлерди колдоо менен гана чектелбестен, борбор калаа тургундарына таза жана сапаттуу азык-түлуктү арзан баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түздү.