Дастан Бекешев: Орунтаев менен мэр Бишкекти маскаралап бүтүштүЯндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алдыИИМ мектеп окуу китептерин сатуу боюнча кылмыш иши козголгонсун тастыктадыКыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алатКараколдун мэри Иманов — Ширшовдун фондунун миллиарддары, туризм жана сындар тууралууЭрлист Акунбеков Пекиндеги форумда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн төрт багытын сунуштады
Кыргызстандык окуучулар 42-Балкан олимпиадасында 5 медалга ээ болушту
03.05.2025 | 12:19
25–30-апрель күндөрү Сараево шаарында өткөн 42-Балкан математика олимпиадасында (BMO 2025) кыргызстандык окуучулар жогорку жыйынтык көрсөтүштү. Олимпиадада 23 мамлекеттен келген 143 окуучу ат салышып, Кыргызстандын командасы бир күмүш жана төрт коло медаль жеңип алды.
Медалга ээ болгон окуучулар:
Бардык окуучулар – Улуттук математика олимпиадасынын жеңүүчүлөрү. Команданы математика боюнча тажрыйбалуу машыктыруучу Мамат Ишматов даярдаган.
Кыргызстан бул эл аралык олимпиадага жетинчи ирет катышууда. Жалпысынан кыргызстандык окуучулар BMOда 12 медаль жеңишкен. 2024-жылы – 4 медаль, быйыл 2025-жылы – 5 медаль утушту.
Рубрики: Жаңылыктар