«Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоору боюнча дыйкан-фермерлерге 12 миң 83 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Бул долбоор боюнча насыялар өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбалчылык багыттары боюнча «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу берилип, жарандар 4 млрд 850 млн 809 миң сом алган.
«Өсүмдүк өстүрүү» категориясы боюнча жалпы 481 млн 720 миң сомго 1 миң 444 насыя берилген:
– «Айыл Банк»: 238 млн 40 миң сомго 724 насыя;
– «Элдик Банк»: 243 млн 680 миң сомго 720 насыя.
«Мал чарбачылык» категориясы боюнча жалпы 4 млрд 369 млн 89 миң сомго 10 миң 966 насыя берилген:
– «Айыл Банк»: 2 млрд 113 млн 369 миң сомго 5 миң 210 насыя;
– «Элдик Банк»: 2 млрд 255 млн 720 миң сомго 5 миң 171 насыя.