Үч унаасын ээлеп алган: Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалдыБШК бир нече жергиликтүү кеңештин депутаттарын мандатынан ажыраттыСууну үнөмдөө гана жетишсиз — эксперт Булат Есекин Борбордук Азиянын келечеги тууралуу«Тез балык жай балыкты жутат»: МинКабдын мурдагы башчысы Борбордук Азиядагы чакырыктар тууралууКРде жасалма интеллекттин жардамы менен «Барсбек Каган» тарыхый тасмасы тартылдыБостериде VII Кыргыз-Орус экономикалык форуму ачылды
«Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоору боюнча 12 миңден ашык насыя берилди
30.12.2024 | 10:53
«Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоору боюнча дыйкан-фермерлерге 12 миң 83 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Бул долбоор боюнча насыялар өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбалчылык багыттары боюнча “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” аркылуу берилип, жарандар 4 млрд 850 млн 809 миң сом алган.
“Өсүмдүк өстүрүү” категориясы боюнча жалпы 481 млн 720 миң сомго 1 миң 444 насыя берилген:
– “Айыл Банк”: 238 млн 40 миң сомго 724 насыя;
– “Элдик Банк”: 243 млн 680 миң сомго 720 насыя.
“Мал чарбачылык” категориясы боюнча жалпы 4 млрд 369 млн 89 миң сомго 10 миң 966 насыя берилген:
– “Айыл Банк”: 2 млрд 113 млн 369 миң сомго 5 миң 210 насыя;
– “Элдик Банк”: 2 млрд 255 млн 720 миң сомго 5 миң 171 насыя.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом