«Айылдарга көп кабаттуу үй курабыз». Президент кайра көрүстөндөр тууралуу айтты

«Айылдарга көп кабаттуу үй курабыз». Президент кайра көрүстөндөр тууралуу айтты

Садыр Жапаров мүрзөлөргө эстелик орнотпоо боюнча сунушун кезектеги маегинде түшүндүрдү. 

Президент эстелик орнотуу ислам динине каршы келерин белгилеп, өлкөдө үй курууга жана жаш үй-бүлөлөргө бөлүп берүүгө жер тилкеси жетишсиз болуп жатканын айтат.

«Биздин өлкөнүн 94 пайызын тоолор ээлейт. Түз жерлерибиз болгону 6 пайызды түзөт. Ушул 6 пайыз түз жерлерибиздин ичинде айылдарыбыз менен шаарларыбыз да жайгашкан. Айдоо жерлерибиз аз. Биз бүгүнкү күндө бир эле буудайды алсак, өзүбүздү өзүбүз толук камсыз кыла албайбыз. Чет өлкөлөрдөн импорт кылып келебиз. Жыл өткөн сайын түз жерлерибиз ого бетер тарып, азайып барат. Элдин саны жылдан жылга өсүүдө. Элдин саны өскөн сайын тамак-аш көп керектелет. Ошондуктан биз бүгүнкү күн менен жашабашыбыз керек», — дейт ал. 

Ал Мамлекеттик ипотекалык компания турак жайларды курууну улантарын кабарлады. 

«Жакынкы жылдарда айылдарга чейин кабат-кабат үйлөрдү курууга жетишебиз. Азырынча үйлөрдү куруу боюнча иштерибиз айрым кичи шаарлар менен райборборлорго жетти. Эгер бийик кабат үйлөрдү куруу иштери бүгүнкүдөй темп менен уланса, 10-15 жылдан кийин Кыргызстандын ар бир жаранында үй көйгөйү болбойт», — дейт Садыр Жапаров. 

Президент жаңы мыйзам боюнча көрүстөндөр 25 жылдан кийин колдонууга берилерин айтты. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>