Айзаданын өлүмү: Милиция кызматкерлеринин иши жабылды

Айзаданын өлүмү: Милиция кызматкерлеринин иши жабылды

10-августта Жогорку сотто былтыр жазында уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын иши боюнча апелляциялык арыз каралат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди.

Токтакуновдун айтымында, алар соттолгондорго чыгарылган чечимге карата арызданышкан. Себеби алардын талаптары аткарылбай, биринчи инстанциядагы соттун өкүмү өзгөрүүсүз калууда.

Ошол эле учурда ал Айзада Канатбекова уурдалганда тиешелүү чара көрбөй, шалаакылык кетирген милиция кызматкерлери боюнча иш токтотулганын билдирди. Анын айтымында, коомчулукка бул иш убактылуу токтоп турат дегени менен ал эчак эле жабылган.

«Элдин көзүнчө убактылуу токтотулган деп калп айтып жатышат. Иш жүзүндө ал иш кыскартылган. Ошондуктан ал иш боюнча эч кандай жылыштар жок», — деди ал.

Эскерте кетсек, былтыр 5-апрелде Айзада Канатбекованы топ балдар унаага салып уурдап кеткен. Эки күндөн кийин Канатбекованын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Бишкектин четиндеги айылдан табылган. Айзаданы уурдоого катышкан адамдар кармалып, аларга иш козголгон.

Сентябрь айында Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, Айзада Канатбекованы уурдоого катышкан Ажикабыл Рысбай уулу, Сыймык Молдосариев жана Орузбек Нурумбетов 7 жылга, Кубаныч Токон уулу жана Замирбек Раманкулов 6,5 жылга эркинен ажыратылган.

Андан тышкары соттун өкүмүнө ылайык, айыпталып жаткан тарап Айзаданын жакындарына моралдык жана материалдык зыян катары 100 миң сом төлөп бермекчи болгон. Соттун бул өкүмүнө макул болбогон жактоочу кийинки сот инстанциясына апелляция менен кайрылган.

Айзада Канатбекованын уурдалышы боюнча кайдыгерлик кылып, шалаакылык кетирген Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлерине да иш козголгон. Бирок милиция кызматкерлери тартиптик жаза менен гана чектелип, учурда четинен ишке кайтып келе баштаган. Бул боюнча ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев мындай деген:

«Ал окуядан кийин ички иштер органдарынын 30дан ашуун кызматкери тартиптик жазага тартылган. Алар ээлеген кызмат ордунан төмөндөтүү менен четтетилген. Мындай чара тартиптик устав боюнча жарым жылдан бир жылга чейин колдонулат. Кайра жумушка келсе мурдагы кызматынан төмөнкү тепкичке дайындалат».

Ошол эле учурда коомчулук жана Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова шалаакылык кетирген милиция кызматкерлерин да кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча президентке кайрылып келет. Былтыр Айзада Канатбекова уурдалганда президент Садыр Жапаров бул ишти жеке көзөмөлүнө аларын билдирген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>